Google Payments кызматынын балдарга арналган купуялык жетектемеси
Курагыңды танда: 6-8 жаштагылар 9-12 жаштагылар
6-8 жаштагылар
Google Google Payments'теги нерселериңди кантип коргоорун билгиң келеби?
Бул баракча балдар үчүн! Бул жерде Google компаниясы Google Payments кызматындагы нерселериңди кантип колдонуп, кантип коргой турганын түшүндүрүп беребиз.
Ата-энелер үчүн: бул маалымат Family Link кызматы башкарган Google аккаунттарына гана тиешелүү, 13 жашка чейинки балдар үчүн (же курактык чек ар кайсы өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн). Кеңири маалымат алуу үчүн Купуялык билдирүүсүн жана Купуялык эрежелерин карап чык.
Google кандай маалыматтарды талап кылат?
Google Payments кызматы жакшы иштеши үчүн Google башка кызматтарда чогулткан маалыматтардан тышкары, сенден төмөнкү маалыматтарды да талап кылат.
Катталуу маалыматын
- Дарегиңди жана телефон номериңди
- Туулган күнүңдү
- Насыя жана дебет картаң тууралуу маалыматты
- Өздүгүңдү ырастоочу маалыматты
Айрым учурларда коопсуздук максатында кошумча маалымат сурашыбыз мүмкүн.
Башка булактардан алынган маалыматтарды
- Дүкөндөрдөгү төлөмдөрүң тууралуу маалыматты
- Банкың, насыя жана дебет карталарың тууралуу маалыматты
Бир нерсе сатып алганың тууралуу маалыматты
- Качан кайсы жерде канча акчага сатып алганың тууралуу
- Насыя же дебет картасы менен төлөгөнүң тууралуу
Google маалыматтарымды эмнеге колдонот?
Google маалыматтарыңды бардык кызматтарында колдонгондон тышкары, Google Payments кызматында төмөнкү максаттарда пайдаланат:
- катасыз жана үзгүлтүксүз төлөөгө жардам берүү үчүн;
- төлөмдөрүңдү өзүңө жана ата-энеңе көрсөтүү үчүн;
- зарылчылыкка жараша, ата-энеңе жардам берүү үчүн;
- маалыматыңды жана акчаңды жаман адамдардан коргоо үчүн;
- Google Payments кызматынын эрежелерин сактаганыңды текшерип туруу үчүн;
- келечекте шектүү төлөмдөрдү аныктоо үчүн.
Google маалыматтарымды бөлүшөбү?
Google маалыматыңды бардык кызматтарында бөлүшкөндөн тышкары, Google Payments жакшы иштеши үчүн маалыматыңды башкалар менен да бөлүшүшү мүмкүн. Кандай учурларда:
- мыйзам уруксат берсе;
- аккаунтуңду жана төлөмдөрүңдү коргоп, аларды жакшы иштетүү үчүн;
- төлөмдөрүң ийгиликтүү жүргүзүлүшү үчүн.
Ата-энем кантип көзөмөлдөйт?
Ата-энең эмне кыла алат:
- Google Payments'ке жаңы бизнес карталарын кошуп берет;
- картаңды колдонгондо жана өчүргөндө, электрондук кат алып турат;
- Family Link колдонмосунда төлөмдөрүңдү көрүп жана төлөм карталарын алып салат.
Google маалыматымды кантип коргойт?
Google маалыматыңды коопсуз сактоого болушунча аракет кылат. Бизге жардам бергиң келсе, сырсөзүңдү жана PIN коддоруңду эч кимге айтпа.
Төмөнкүлөрдү эске алып кой:
- Аккаунтуңду эч ким менен бөлүшпө.
- Түзмөгүңдү эч кимге бербе.
- Google Payments'теги аккаунтуңда шектүү аракет байкасаң, ата-энеңе айт.
9-12 жаштагылар
Google Google Payments'теги нерселериңди кантип коргоорун билгиң келеби?
Бул жерден бардык суроолоруңа жооп табасың! Мисалы, Google компаниясы Google Payments кызматындагы нерселериңди кантип колдонуп, кантип коргой турганын түшүндүрүп беребиз.
Ата-энелер, бул маалымат Family Link кызматы башкарган Google аккаунтарга гана тиешелүү, 13 жашка чейинки балдар үчүн (же курактык чектөө ар кайсы өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн). Кеңири маалымат алуу үчүн Купуялык билдирүүсүн жана Купуялык эрежелерин карап чык.
Google кандай маалыматтарды талап кылат?
Google Payments кызматы жакшы иштеши үчүн Google башка кызматтарда чогулткан маалыматтардан тышкары, сенден төмөнкү маалыматтарды да талап кылат.
Катталуу маалыматын
Бул жерде Google аккаунтуңда сакталган айрым маалыматтар көрсөтүлгөн. Айрым маалыматтар түзмөгүңдө сакталышы мүмкүн.
- Дарегиң.
- Телефон номериң.
- Туулган күнүң.
- Насыя же дебет карталары тууралуу маалымат
- Өздүгүңдү ырастоочу маалымат, мисалы мамлекеттик ID картаң.
Айрым учурларда, маалыматыңды же өздүгүңдү тастыктоо үчүн кошумча маалымат талап кылышыбыз же кошумча суроолорго жооп берүүнү суранышыбыз мүмкүн.
Башка булактардан алынган маалыматтар
Сен тууралуу маалыматты башка булактардан да алышыбыз мүмкүн, мисалы:
- Google Payments аркылуу дүкөндөрдөн сатып алган нерселериң тууралуу;
- Google Payments кызматына байланышкан башка жерлердеги төлөм ыкмаларыңды жана аккаунттарыңды кантип колдонгонуң тууралуу;
- банкың же картаңдын эмитенти тууралуу;
- тигил же бул төлөм ыкмаңды колдонгондогу артыкчылыктар тууралуу;
- аккаунтуңдун жана төлөмдөрүңдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн башка кызматтардагы төлөмдөрүң тууралуу.
Сатып алган нерселериң тууралуу маалымат
Google Payments аркылуу бир нерсе сатып алганыңда, транзакциялар тууралуу төмөнкү маалыматты чогултушубуз мүмкүн:
- күнү, убактысы жана төлөмдүн суммасын;
- дүкөндүн жайгашкан жери жана учкай маалымат;
- төлөм ыкмаң тууралуу маалымат.
Google маалыматтарымды эмнеге колдонот?
Google бардык кызматтарында маалыматыңды колдонгондон тышкары, маалыматыңды төмөнкү максаттарда да колдонобуз:
- Google Payments аккаунтуңда көйгөй жаралганда (мисалы, кардарларды тейлөө боюнча) ата-энеңе жардам берүү үчүн;
- маалыматыңды уурдап же акчаңды уруксатсыз пайдаланганга аракет кылган адамдардан сени, башкаларды жана Google кызматтарын коргоого жардам берүү үчүн;
- дүкөндөргө жана башка компанияларга сен сураган нерсени бергенге жардам берүү үчүн;
- Google Payments кызматынын эрежелерин сактаганыңды текшерүү үчүн;
- келечектеги Google Payments транзакциялары боюнча чечим кабыл алуу үчүн;
- төлөм ыкмаңа байланыштуу сонун мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү үчүн.
Сен берген маалыматты Google Payments кызматын колдонгон мөөнөт бою, мыйзам талап кылса, андан да узак мезгилге сакташыбыз мүмкүн.
Google маалыматтарымды бөлүшөбү?
Бардык Google кызматтарында маалыматтыңды бөлүшүү ыкмаларына кошумча, маалыматың Google'дан тышкаркы адамдарга төмөнкү учурларда гана бөлүшүлөт:
- мыйзам уруксат берсе;
- аккаунтуң үзгүлтүксүз иштеп, каалаган нерсени сатып алып, аккаунтуңду жакшыраак коргоп, уурулук же алдамчылык аракеттеринен коргоо жана күнүмдүк иштериңди бүтүргөнгө жардам берүү үчүн;
- төлөм ыкмаң коопсуз жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн;
- башка жерлер көрсөткөн кызматтарга катталуу үчүн.
Google башка компанияларга ээлик кылат же көзөмөлдөйт. Айрым учурларда ал компаниялар талапка ылайык иштеши үчүн маалыматыңды бөлүшөбүз. Мындай маалыматтарга башка компаниялар менен кызматтардан, мисалы, соода кылган дүкөндөрдөн да алынган маалыматтар кирет.
Ата-энем кантип көзөмөлдөйт?
Ата-энең эмне кыла алат:
- кошулуп жаткан бардык төлөм карталарына уруксат берет;
- картаңды колдонгондо жана өчүргөндө, электрондук кат алып турат;
- Google Payments аркылуу жасалган транзакцияларыңа көз салып жана Family Link'тен төлөм карталарын алып салат.
Google Pay маалыматтарымды кантип коопсуз сактайт?
Google колдонуучуларды коргоо үчүн болгон аракетин жумшайт Сен да аккаунттуңдун сырсөзүн, PIN коддоруңду жана башка керектүү маалыматтарыңды эч кимге айтпай, купуя сакташың керек.
Эсиңде болсун:
- Google аккаунтуң тууралуу маалыматты башка жактар менен бөлүшсөң, алар Google төлөм профилиңе кирип, жана жеке маалыматтарыңды көрүп алышы мүмкүн.
- Түзмөгүңдү же Google Капчык колдонмосун эч кимге бербе.
Google Payments'теги аккаунтуңда шектүү аракет байкасаң, ата-энеңе айт. Алар Google'га кабарлап коюшат.
Акыркы жолу 2026-жылдын 16-мартында жаңырган
© 2026 Google – Google Google'дун Тейлөө шарттары Мурунку Купуялыкбилдирүүлөрү