Google Payments кызматынын купуялык жөнүндө билдирүүсү

Акыркы жолу качан өзгөргөн: 2026-жылдын 16-марты

Google'дун кызматтарын колдонуп жатканда, жеке маалыматыңыздын кандайча колдонулары Google'дун купуялык эрежелеринде айтылган. 18 жашка чыга элек колдонуучулар үчүн кошумча маалымат Google'дун Интернеттеги купуялык тууралуу өспүрүмдөргө арналган маалыматта жана Google Payments кызматынын балдарга арналган купуялык жетектемесинде камтылган.

Google Payments кызматы Google аккаунту бар колдонуучуларга сунушталып, Google'дун Купуялык эрежелерине ылайык колдонулат. Мындан тышкары, бул Купуялык жөнүндө эскертүүдө Google Payments кызматына тийиштүү маалымат камтылган.

Google Payments кызматын Google Payments'тин Тейлөө шарттарына ылайык колдоносуз, анда ушул Купуялык жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн Кызматтар тууралуу кеңири маалымат берилген. Бул Купуялык жөнүндө билдирүүдө баш тамга менен жазылып, бирок чечмеленбеген терминдер Google Payments кызматынын Тейлөө шарттарына ылайык чечмеленүүгө тийиш.

Google Payments'тин Купуялык жөнүндө эскертүүсү Google LLC же анын Google Payment Corp. ("GPC") сыяктуу туунду компаниялары көрсөткөн кызматтарга колдонулат. Кызматты кайсы туунду компания сунуштап жатканын билүү үчүн кызматтын ичинде берилген Google Payments Тейлөө шарттарын караңыз.

Кандай маалыматты топтойбуз?

Google'дун Купуялык эрежелеринде көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары төмөнкүдөй маалыматты да чогултушубуз мүмкүн:

Катталып жатканда көрсөтүлгөн маалыматты

Google Payments кызматын пайдалануу үчүн Google аккаунтуңузга байланган Google төлөм профилиңиз болушу керек. Google Payments кызматында аткарылып жаткан операцияларга жараша Google'дун Купуялык эрежелеринде көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары төмөнкүлөрдү да сурашыбыз мүмкүн:

Айрым учурларда маалыматыңызды же өздүгүңүздү тастыктоо үчүн кошумча маалымат сурап же кошумча суроолорду беришибиз мүмкүн. Эгер эсебиңизди байланыш оператору аркылуу каттасаңыз, мобилдик телефонуңуздун эсеби тууралуу маалыматтарды беришиңиз керек болот.

Катталып жатканда көрсөткөн маалыматыңыз Google аккаунтуңузга байланып, Google'дун серверлеринде сакталат. Айрым маалыматыңыз мобилдик түзмөгүңүздө да сакталып кала берет.

Үчүнчү тараптардан алынган маалыматты

Сиз тууралуу маалыматты үчүнчү тараптардан, анын ичинде тастыктоо кызматтарынан сурашыбыз мүмкүн. Ал маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

Ошондой эле, сатуучулардан насыялар тарыхы бюросунан же компаниялар тууралуу маалыматтарды сактоочу кызматтардан жеке же коммерциялык мүнөздөгү маалымат сурашыбыз мүмкүн.

Транзакциялар тууралуу маалыматты

Google Payments аркылуу жасалган транзакциялар тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды чогултушубуз мүмкүн:

Топтолгон маалымат кандайча колдонулат

Биз сиз берген маалыматты, ошондой эле Google Payment Corp. (GPC) же башка туунду компанияларыбызга берилген маалыматты жана үчүнчү тараптардан алынган маалыматты Google'дун Купуялык эрежелерине ылайык колдонобуз. Мисалы, аларга төмөнкүлөр кирет:

Сиз берген маалымат Google Payments кызматын колдонуп жаткан мөөнөткө чейин сакталат. Мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды аткаруу үчүн маалыматты сактоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Үчүнчү тараптарга кандай маалымат берилет

Жеке маалыматыңызды Google'дан башка компаниялар же жеке тараптар менен төмөнкү учурларда гана бөлүшөбүз:

Маалыматыңыз үчүнчү тараптарга дагы кандай учурларда берилиши мүмкүн:

Биз топтогон, ошондой эле, үчүнчү тараптардан алынган маалымат туунду компанияларыбызга, башкача айтканда, Google LLC компаниясынын карамагындагы жана көзөмөлүндөгү компанияларга берилиши мүмкүн. Каржылык же каржылык эмес уюм болушу мүмкүн болгон өнөктөш компанияларыбыз мындай маалыматты ушул Купуялык жөнүндө билдирүүдө жана Google'дун Купуялык эрежелеринде айтылган максаттарда, ошондой эле күнүмдүк иштерди бүтүрүү үчүн колдонушат.

Белгилүү бир учурларда, GPC жана анын туунду компанияларына белгилүү бир маалыматты берүүдө баш тарта аласыз. Тактап айтканда::

Кааласаңыз, Google LLC же анын туундуу компанияларына үчүнчү тараптагы сатуучуларга алардын сайттарында жана колдонмолорунда бир нерсе сатып алууга Google төлөм профилиңиздин бар экенин айтууга тыюу сала аласыз.

Сиз кайра уруксат бермейинче айтышпайт.

Эгер насыя алуу жөндөмдүүлүгүңүз тууралуу маалыматты GPC жана анын туундуу компанияларына берүүгө, биз топтогон жеке маалыматыңыздын маркетинг максаттарында колдонулушуна, Google LLC же анын туундуу компанияларына үчүнчү тараптагы сатуучуларга алардын сайттарында жана колдонмолорунда кандайдыр бир нерсе сатып алууга Google төлөм профилиңиздин бар экенин айтууга уруксат бергиңиз келбесе, аккаунтуңузга кирип, Google Payments кызматынын купуялык жөндөөлөрүнө өтүп, жөндөөлөрдү өзгөртүңүз.

Ушул Купуялык жөнүндө билдирүүдө же Google'дун Купуялык эрежелеринде айтылган шарттарды эске албаганда, жеке маалыматыңызды GPC'ден башка тарап же туундуу компаниялар менен бөлүшпөйбүз. Google Payments кызматын Google аккаунту бар колдонуучулар гана колдоно алышат. Google аккаунтун каттап жатканда Google LLC компаниясына берген маалыматка бул Купуялык жөнүндө билдирүүдө маалыматты колдонууга тыюу салган шарттар колдонулбайт.

Маалыматтыңыздын коопсуз сакталышы

Коопсуздук тууралуу толук маалымат алуу үчүн Google'дун Купуялык эрежелери менен таанышып чыгыңыз.

Google төлөм профилиңиздин коопсуздугуна өзүңүз жооп берип, аккаунтуңуздун сырсөзүн (-дөрүн), PIN коддорду жана кызматка байланыштуу маалыматтардын купуялыгын өзүңүз камсыз кыласыз.

Үчүнчү тараптагы сатуучуга, вебсайтка же колдонмого өзүңүз берген маалымат ушул Купуялык жөнүндө билдирүү менен корголбойт. Жеке маалыматыңызды өзүңүз берген сатуучулардын же башка үчүнчү тараптардын маалыматтын купуялыгын жана коопсуздугун камсыз кылган эрежелери менен шарттары үчүн биз жооп бербейбиз. Жеке маалыматыңызды түздөн-түз бөлүшүүнү тандаган үчүнчү тараптардын купуялык эрежелерин карап чыгууну сунуштайбыз.

© 2026 Google – Google Google'дун Тейлөө шарттары.Мурунку Купуялык жөнүндө билдирүүлөрү