Google Payments кызматынын купуялык эскертүүсү

Акыркы жолу өзгөртүлгөн: 28-март, 2022-жыл

Google'дун кызматтарын колдонуп жатканда тапшырылган жеке маалыматыңыз кандайча иштетилери Google'дун Купуялык саясатында айтылган. Эгер 18 жашка чыга элек колдонуучу болсоң, кошумча маалымат алуу үчүнGoogle Teen Купуялык жетектемеси менен таанышып ал. Google Payments кызматы Google аккаунту бар колдонуучуларга сунушталып, Google'дун Купуялык саясатына ылайык колдонулат. Буга кошумча, бул Купуялык эскертүүсүндө Google Payments кызматына тийиштүү маалымат камтылган.

Google Payments кызматынын колдонулушу Google Payments'тин Тейлөө шарттары менен аныкталып, анда ушул Купуялык эскертүүсүнүн алкагында көрсөтүлгөн Кызматтар тууралуу кеңири маалымат берилген. Google Payments'тин ушул Купуялык эскертүүсүндө аныктама берилбеген, баш тамга менен жазылган терминдер Google Payments'тин Тейлөө шарттарында берилген маанисинде кабыл алынышы керек.

Google Payments'тин Купуялык эскертүүсү Google LLC же анын туунду компаниялары, анын ичинде Google Payment Corp. ("GPC") тарабынан көрсөтүлгөн Кызматтарга карата колдонулат. Кызматты кайсы туунду компания көрсөтүп жатканын билүү үчүн Google Payments'тин Тейлөө шарттарында камтылган Кызматтар бөлүмүнө өтүңүз. Европа экономикалык аймагында (Улуу Британиядан башка) жайгашкан колдонуучулардын (Google'дун базар аянтында соода кылган колдонуучулардан тышкары) маалыматы Google Ireland Limited компаниясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Улуу Британияда жайгашкан колдонуучулардын (Google'дун базар аянтында соода кылган колдонуучулардан тышкары) маалыматын Google LLC компаниясы көзөмөлдөйт. Эгер Европа экономикалык аймагында (Улуу Британиядан башка) жайгашсаңыз жана Google'дун базар аянтында соода кылсаңыз, маалыматыңыз Google Payment Ireland Limited компаниясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Эгер Улуу Британияда жайгашып, Google'дун базар аянтында соода кылсаңыз, маалыматыңызды Google Payment Limited көзөмөлдөйт. Бразилияда жайгашкан колдонуучулардын маалыматын Google LLC компаниясы жана Бразилиянын мыйзамы талап кылган даражага чейин Google Brasil Pagamentos Ltda компаниясы көзөмөлдөйт.

Биз чогулткан маалымат

Google'дун Купуялык эскертүүсүндө көрсөтүлгөн маалыматка кошумча төмөнкү маалыматты да чогултушубуз мүмкүн:

Чогултулган маалымат кандайча колдонулат

Google'дун Купуялык саясатында келтирилген маалыматка кошумча бизге, GPC же башка туунду компаниябызга өзүңүз берген маалыматты, мындан тышкары, үчүнчү тараптар сиз жөнүндө берген маалыматты колдонуп, Google Payments кызматында кардарларды тейлөө, зыяндуу аракеттердин алдын алуу, Google'дун, колдонуучулардын жана коомчулуктун коопсуздугу, анын ичинде шылуундуктан, фишинг аракеттеринен же башка туура эмес жүрүм-турумдан коргоо үчүн колдонобуз. Мындай маалымат сизге товар сатууга же кызмат көрсөтүүгө көмөктөшүү үчүн үчүнчү тараптарга да берилиши мүмкүн. Ошондой эле, бул маалыматты Google Payments аккаунтуңузду карап чыгып, шарттарды аткарып жатканыңызды текшерүү, Google Payments транзакцияларын аткаруу боюнча чечим кабыл алуу жана сиз демилгелеген башка Google Payments транзакцияларынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн колдонобуз.

Катталуу маалыматыңыз Google аккаунтуңузда, ал эми катталган төлөм ыкмаңыз Google'дун серверлеринде сакталат. Буга кошумча, айрым элементтер мобилдик түзмөгүңүздө да сакталышы мүмкүн. Юридикалык талаптарды жана милдеттенмелерди аткаруу үчүн сиз тапшырган маалыматты узагыраак убакытка сакташыбыз мүмкүн.

Биз бөлүшкөн маалымат

Жеке маалыматыңызды Google'дан башка компаниялар же инсандар менен төмөнкү жагдайларда гана бөлүшөбүз:

Мисалы, Google Payments менен бир нерсе сатып алганыңызда же транзакция аткарганыңызда сиз жөнүндө белгилүү бир маалыматты алар менен бөлүшөбүз. Буга Google Payments'тин жардамы менен Google Play'де бир нерсе сатып алганыңызда иштеп чыгуучу менен бөлүшүлгөн жеке маалыматыңыз кирет. Ошондой эле, "Google Pay менен сатып алуу" же ушуга окшош баскычты басканыңызда сатуучунун вебсайтына же колдонмосуна почта индексиңиз жана төлөм ыкмаңыз жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Анын жардамы менен сатуучу сатып алуу маалыматын (мисалы, салык, жеткирүү наркы жана бааны эсептөө үчүн керектелген башка маалымат) даярдап, төлөм ыкмаңызды кабыл ала турганын, буга кошумча, айрым төлөм ыкмаларына берилген артыкчылыктарды жана колдонулган чектөөлөрдү аныктай алат. Google Payments аккаунтуңузга үчүнчү тараптын төлөм ыкмасын кошконуңузда аты-жөнүңүз, профилиңиздин сүрөтү, электрондук почта дарегиңиз, IP жана эсеп коюу дарегиңиз, телефонуңуздун номери, түзмөк тууралуу маалымат, жайгашкан жериңиз жана Google аккаунтуңуздагы аракеттер сыяктуу маалымат кызмат көрсөтүү максатында үчүнчү тарап менен бөлүшүлөт.

Катышуучу сатуучунун сайтына же колдонмосуна киргениңизде сатуучу анын сайтынан же колдонмосунан товар сатып алуу үчүн жарамдуу төлөм ыкмаңыздын бар экенин текшерүү үчүн Google Payments аккаунтуңуздун бары-жогун көрөт. Бул кийинчерээк сайттагы же колдонмодогу функцияларды колдоно албай калууңуздун алдын алат.

Үчүнчү тараптын сатуучусуна, вебсайтына же колдонмосуна түздөн-түз берилген маалымат бул Купуялык эскертүүсү менен корголбойт. Жеке маалыматыңызды түздөн-түз бөлүшүүнү тандаган сатуучулардын же башка үчүнчү тараптын купуялыгы жана коопсуздугу үчүн биз жооптуу эмеспиз. Жеке маалыматыңызды түздөн-түз бөлүшүүнү тандаган үчүнчү тараптын купуялык саясатын карап чыгууну сунуштайбыз.

Биз чогулткан, анын ичинде үчүнчү жактардан алынган маалымат филиалдарыбыз, башкача айтканда, Google LLC ээлик кылган жана башкарган башка компаниялар менен бөлүшүлөт. Каржылык жана каржылык эмес филиалдарыбыз мындай маалыматты өздөрүнүн күнүмдүк ишин аткаруу үчүн колдонушат.

GPC жана анын филиалдары менен белгилүү бир маалыматты бөлүшүүдөн баш тартуу укугун беребиз. Тактап айтканда, төмөнкүлөрдөн баш тарта аласыз:

Google LLC же анын филиалдарына башка сатуучуларга алардын сайттарында жана колдонмолорунда сатып алуу үчүн колдонууга Google Payments аккаунтуңуз бар экенин айтууга уруксат берүүдөн баш тарта аласыз.

Эгер баш тартууну тандасаңыз, чечимиңизди өзгөртмөйүнчө ушул тандооңуз колдонулат.

Эгер насыяны төлөө мүмкүнчүлүгүңүз тууралуу маалыматты GPC жана анын филиалдары менен бөлүшүүгө, биз чогулткан жеке маалыматыңызды маркетинг максаттарында бөлүшүүгө, Google LLC же анын филиалдарына башка сатуучуларга алардын сайттарында жана колдонмолорунда сатып алуу үчүн колдонууга Google Payments аккаунтуңуз бар экенин айтууга уруксат бергиңиз келбесе, аккаунтуңузга кирип, Google Payments кызматынын купуялык жөндөөлөрүнүн барагына өтүп, параметрлерди жаңыртыңыз.

Жеке маалыматыңызды GPC'ден башка тарап же филиалдарыбыз менен бөлүшпөй, ушул Купуялык эскертүүсүндө же Google'дун Купуялык саясатында айтылгандай гана колдонобуз. Жогоруда айтылгандай, Google Payments кызматы Google аккаунтунун ээлерине гана сунушталат. Google аккаунтун ачуу үчүн Google LLC компаниясына берген маалымат бул Купуялык эскертүүсүндө көрсөтүлгөн баш тартуу жоболоруна кирбейт.

Маалыматтын коопсуздугу

Коопсуздук тууралуу толук маалымат алуу үчүн Google'дун Купуялык саясаты менен таанышып чыгыңыз.

Google Payments аккаунтуңуздун коопсуздугун коргоо үчүн аккаунтуңуздун сырсөзүн(-дөрүн), PIN коддорду жана Кызматка кирүү үчүн колдонулган башка маалыматты купуя сактаңыз. Эгер аккаунтуңуздун маалыматын кимдир бирөөгө берсеңиз, ал аккаунтуңузду жана жеке маалыматыңызды колдоно алат.

Мобилдик түзмөгүңүздү жана түзмөгүңүздөгү Google Payments колдонмосун көзөмөлдөө, анын ичинде сырсөздү(-дөрдү), жана/же PIN кодду купуя сактап, эч кимге бербөө сиздин жоопкерчилигиңиз. Ошондой эле, Google Payments колдонмосундагы маалымат уурдалды деп шектенсеңиз, ал тууралуу Google'га же тийиштүү өнөктөшкө кабар берүү үчүн сиз жооптуусуз.

© 2020 Google – Google Home Google'дун Тейлөө шарттары Мурунку Купуялык эскертүүлөрү